MATE — иш такта чөйрөсү.
GNOME 2 иш такта чөйрөсүнүн иштеп чыгаруусу расмий түрүндө токтотулгандан кийин, аргентиналык Arch Linux колдонуучусу терс кабыл алынган GNOME 3кө жооп катары MATE долбоорун баштаган.
Колдонмолору
Бир нече GNOME колдонмолору форктолуп аттары алмаштырылган:
- caja – файл тейлегичи (Nautilus)
- pluma – текст редактору (Gedit)
- atril – документ көрсөткүчү (Evince)
- engrampa – архив тейлегичи (Archive Manager)
- mate-terminal – терминал эмулятору (GNOME Terminal)
- marco – терезе тейлегичи (Metacity)
- mozo – меню редактору (Alacarte)
