factograf
KY

Тибет

Тибет

Key facts

калкынын саны3 002 166
деңиз деңгээлинен бийиктиги4 380м
классыаймак
мамлекетКытай
административдик-аймактык бирдикТибет автономиялуу району

Тибет — Азиядагы тарыхый аймак. Тибет тайпак тоосунун чегинде жайгашкан. Дүйнөдө деңиз деңгээлинен эң бийик жайгашкан аймак. Аянты 1200 миң км2.

Калкы 3,0 млн (2010). Административдик борбору — Лхаса.

Тарых

Тибет мамлекети 7-кылымда пайда болгон. 13–14-кылымдарда монголдорго көз каранды болуп турган. 17-кылымда будда (ламаист) мамлекетинин башчысы гелук далай-лама – өлкө башчысы болгон. 18-кылымдан Кытайдын курамына кирип (Цин маньчжурия династиясына кошулган), бирок далай-ламанын бийлиги сакталган. 1951-ж. КЭР менен Тибет бийлигинин ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Ошентип Тибет автономиялуу району 1965-ж. түзүлгөн.

Калкынын негизин тибеттиктер (92,8%) түзөт. Ошондой эле ханцылар (кытайлар) да жашайт. Эмгекке жарамдуу калктын көпчүлүгү а. ч-нда жана экономикасынын мамлекеттик эмес секторунда эмгектенет. Кустардык өндүрүшү, мал чарбачылыгы жана салттуу тибет медицинасы өнүккөн. Сыртка тери, жүндөн токулган буюмдар чыгарылат. Тибеттин климатына ылайыкташкан сейрек кездешүүчү дары өсүмдүктөрү тибет медицинасынын өнүгүшүнө түрткү болуп келет. Бул тармак райондун экономикасынын өнүгүшүнө да чоң салым кошууда. Брахмапутра дарыясынын өрөөнүндө жана тоо капталдарында айыл-чарба өсүмдүктөрү айдалат. Таш көмүр, нефть, калий, сейрек кездеигүүчү жер элементтерининин (дээрлик иштетилбейт) кени бар. Инфраструктурасы начар бойдон калууда.

Булактар

Read next

In 150 languages

kyAfrikaansAlemannischአማርኛaragonésÆngliscالعربيةالدارجةمصرىasturianuअवधीazərbaycancaBasa BaližemaitėškaBikol Centralбеларуская (тарашкевіца)беларускаябългарскиभोजपुरीবাংলাབོད་ཡིགbrezhonegbosanskiбуряадcatalà閩東語 / Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄нохчийнکوردیčeštinaчӑвашлаCymraegdanskDeutschZazakiཇོང་ཁΕλληνικάEnglishEsperantoespañoleestieuskaraفارسیsuomivõroføroysktfrançaisNordfriiskFryskGaeilgeGàidhliggalegoBahasa HulontaloગુજરાતીHawaiʻiעבריתहिन्दीFiji HindihrvatskiKreyòl ayisyenmagyarհայերենinterlinguaBahasa IndonesiaInterlingueIlokanoIdoitaliano日本語la .lojban.JawaქართულიQaraqalpaqshaKabɩyɛқазақшаភាសាខ្មែរಕನ್ನಡ한국어کٲشُرkurdîLatinaLingua Franca NovaLigurelietuviųlatviešuमगहीमैथिलीMalagasyмакедонскиമലയാളംмонголमराठीBahasa Melayuမြန်မာဘာသာمازِرونیनेपालीNederlandsnorsk nynorsknorskoccitanиронਪੰਜਾਬੀKapampanganpolskiPiemontèisپښتوportuguêsRuna SimirumantschromânăрусскийрусиньскыйIkinyarwandaसंस्कृतम्саха тылаᱥᱟᱱᱛᱟᱲᱤsardusicilianuسنڌيdavvisámegiellasrpskohrvatski / српскохрватскиසිංහලslovenčinaslovenščinaSoomaaligashqipсрпски / srpskisvenskaKiswahiliதமிழ்తెలుగుтоҷикӣไทยTagalogtolışiTürkçeтатарча / tatarçaтыва дылукраїнськаاردوTiếng ViệtWinaray吴语хальмгმარგალურიYorùbáZeêuws文言閩南語 / Bân-lâm-gí粵語中文

Text from Wikipedia, CC BY-SA 4.0 · Source article