factograf
KY

Шарль Бодлер

Шарль Бодлер

Key facts

туулган датасы1821-ж., 9-апрель
Өлгөн датасы1867-ж., 31-август
кесибиакын
Өлгөн жериПариж
жанрЭлегия

Бодлер Шарль Пьер (9.4.1821, Париж 31.8.1867, ошол эле жер) француз акыны жана жазуучу. Француз символизмине чыйыр салган. Чыгармалары 1840-жылдын орто ченинен жарыялана баштаган. Ал Э. Понун «Жасалма бейиш» (1860) китебин которгон. Ошондой эле романтикалуу живопись жөнүндөгү сериялардын, күндөлүк дептерлердин, «Сыр ачкан жүрөк» (185566), «Каргашалуу гүлдөр» (1857), «Кара сөздөгү ырлар» (1869), «Париждеги маанай чөгүү» аттуу чыгармалардын автору. Аталган чыгармаларында Бодлер коомдогу зомбулук менен наадандык сыяктуу терс көрүнүштөрдү ачып берген. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында модернизмдин алгачкы жышааны катары маданий чөйрөдө аны «каргыш тийген акын» деп аташкан. Романтизмдин элементтерин бириктирүү менен катар символизмдин негизинде «Парнас» мектебин ачкан. Бодлер романтикалык поэзияны өркүндөтүүдө үн менен ыргакты айкалыштырууда өзгөчө басым жасаган. Анын чыгармаларын П. Ф. Якубович, И. Ф. Анненский, В. Я. Брюсов, Вяч. И. Иванов, жана башка орус тилине которгон.

Колдонулган адабияттар

Read next

In 109 languages

Text from Wikipedia, CC BY-SA 4.0 · Source article