factograf
KY

Поршень

Поршень

Поршень – машинанын же прибордун цилиндрдин туурасынан кесилишин жылчыксыз жаап, анын огун бойлото алга-артка жылып туруучу кыймылдуу тетиги. Поршень поршендүү машиналарда жана механизмдерде бир түрдөгү энергияны экинчи түргө айландырууда колдонулат. Көпчүлүк поршендүү машиналарда поршень муунактуу вал менен кинематикалык байланышта болот. Ал кинематикалык байланыш поршенди алга-артка жылуучу кыймылын валдын айланма кыймылына өзгөртүүчү механизмдин жардамы менен жүргүзүлөт. Поршендин цилиндрди жылчыксыз бекитишин шакекчелери камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар

Read next

In 66 languages

Text from Wikipedia, CC BY-SA 4.0 · Source article