Ли́на Кэ́трен Хи́ди (англ. Lena Kathren Headey; 3-октябрь 1973, Гамильтон, Бермудалар) — англиялык актриса, үн коштоочу жана продюсер.
17 жашында скаут болгондон кийин, 1990-жылдары кичинекей ролдорду жана экинчи пландагы ролдорду аткаруу менен актерлук кесибин баштаган. Ал эми атактуулукка фэнтези тасма "Гримм ага-инилер" (анг. The Brothers Grimm, 2005), "300" (2007), "Жоржия, Спартанын канышасы" (анг. Gorgo, Queen of Spartа) жана "Кызыл барон" (анг. The Red Baron, 2008) тасмаларында тартылуудан кийин жеткен.
Хэди 2011-жылдан бери HBO телеканалында көрсөтүлүп келген "Тактылар оюну" (анг. Game of Thrones) телесериалында Серсей Ланнистердин ролу менен кеңири таанымал. Бул ролу үчүн 2014-2016 жылдары катары менен сариал категориясында "Emmy" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамына үч жолу жана 2016-жылы сериалдар, кыска сериалдар жана телеберүү категориясында "Алтын Глобус" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамына көрсөтүлгөн. 2017-жылы Хэди "Тактылар оюну" телесериалынын ар бир эпизоду үчүн 2 миллион фунт тапкандыгы үчүн эң көп төлөнгөн актерлордун бирин толуктаган. Ал ошондой эле Фокс тарткан "Терминатор: Сара Коннордун хроникалары" (анг. Terminator: The Sarah Connor Chronicles) тасмасында Сара Коннордун ролун жана "Дред" (анг. Dredd) тасмасында баңги боссу Маделин "Ма-ма" Мадригалдын ролун аткарган.
The Global Times жүргүзгөн интернет добуш берүүсүнө ылайык көрүүчүлөрдүн көбү режиссер Жеймс Хоң тарткан "Акыркы сеанс" (анг.The Last Seance) аттуу тасма жана телесериал адаптациясындагы эң сүйүктүү каарманы Хэдиге добуш беришкен.