factograf
KY

Керманшах

Керманшах

Key facts

калкынын саны946 651
деңиз деңгээлинен бийиктиги1 392м
классыири шаар
мамлекетЭрен

Керманшах, мурдагы Бахтаран – Ирандын батышындагы шаар. Керманшах останынын административдик борбору. Загрос тоосунда, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте, Тегеран – Багдад (Ирак) автомагистралынын жээгинде жайгашкан. Калкы 800,4 миң (2008). Жолдор тоому. Аэропорту бар.

Шаарды 4-кылымда Сасаниддер династиясынын шахы Бахрам IV негиздеген. Алардын жайкы резиденциясы болгон. 11-кылымда селжуктардын бийлиги астында туруп, Күрдстандын өнөр-жайлуу башкы шаарына айланган. Керманшах 1980–88-жылдары Иран – Ирак согушунда жабыркаган. Университеттер (Рази, 1974; Медициналык илимдер, 1986), этнология музейи бар. Маанилүү соода-өнөр-жай борбору. Нефть ажыратуу, жеңил (текстиль, булгаары-бут-кийим ж. б.), тамак-аш (анын ичинде кант), айнек өнөр-жай жана курулуш материалдар (цемент) өндүрүшү иштейт. Килем токулат. Керманшахтан 5 км түндүк-чыгышта Таге-Бостан комплекси (аска бетиндеги 385 майда, 600гө жакын оюк үңкүрлөрдөн турат) жана 30 км аралыкта дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска жыл баяны жайгашкан

Колдонулган адабияттар

Read next

In 77 languages

Text from Wikipedia, CC BY-SA 4.0 · Source article